COVID-19: 2-июлга карата статистика

Өткөн суткада Кыргызстанда коронавирус инфекциясынын 1485 жаңы учуру табылды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинен маалымдашты.

Алардын айтымында, Бишкек шаарында 923, Ош шаарында 33, Чүй облусунда 165, Ош облусунда 109, Талас облусунда 22, Нарын облусунда 24, Ысык-Көл облусунда 38, Абад облусунда – 91, Баткен облусу – 80.

Жалпысынан, пандемиянын бардык мезгилинде COVID-19 оорусунун 127 миң 880 учуру катталган, анын ичинен 80 миң 163 лабораториялык тастыкталган жана 47 миң 717 клиникалык-эпидемиологиялык жактан тастыкталган.

Бүгүнкү күндө Rt репродуктивдик санынын (инфекциялык) таралуу деңгээли 1,5 түзөт.

Бир сутка ичинде 571 оорулуу коронавирустан айыгышты: Бишкекте – 264, Ошто – 76, Чүй облусунда – 70, Ош облусунда – 68, Талас облусунда – 7, Нарын облусунда – 5, Ысык-Көл облусунда – 9, Жалал-Абад облусунда – 46, Баткен облусунда – 26.

Жалпысынан, ушул мезгил аралыгында 111 миң 269 адам айыккан

COVID-19дан бир суткада 10 өлүм катталды: Бишкек шаарында – 6, Жалал-Абад облусунда – 1, Талас облусунда – 1, Баткен облусунда – 2.

Жалпысынан, илдеттен 2 миң 19 адам көз жумган, алардын 769 лабораториялык, 1 миң 250 клиникалык-эпидемиологиялык тастыкталган.

Медициналык кызматкерлердин ичинен COVID-19 51 адамда катталды: Бишкек шаарында – 26, Чүй облусунда – 7, Ош облусунда – 3, Нарын облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 4, Жалал-Абадда облусу – 5, Баткен району – 4.

Жалпысынан, эпидемиянын бардык мезгилинде коронавируска 5505 медициналык кызматкер кабылып, 4924 адам айыккан.

Стационардык дарыланууда 3 миң 691 бейтап бар: Бишкек шаарында – 1 миң 504, Ош шаарында – 278, Чүй облусунда – 727, Ош облусунда – 411, Талас облусунда – 38, Нарын облусунда – 98, Ысык-Көл облусунда – 238, Жалал-Абад облусунда – 257, Баткен облусунда – 140.

Алардын 332си канааттандырарлык абалда, 2 миң 253ү орточо оордуктагы, 948и оор, 158и өтө оор экени көрсөтүлгөн.

9 миң 815 бейтап амбулатордук дарыланууда: Бишкек шаарында – 5 миң 604, Ошто – 846, Чүй облусунда – 963, Ош облусунда – 659, Талас облусунда – 125, Нарын облусунда – 73, Ысык-Көл облусунда – 146, Жалал-Абад облусунда – 853, Баткен облусунда – 546.

Мындан тышкары, күнүнө 12 миң 271 ПЦР изилдөөсү жүргүзүлдү.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.