COVID-19: 16-сентябрга карата статистика

Кыргызстанда суткасына коронавирустун жана пневмониянын жаңы 95 учурлары аныкталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Анын айтымында, Бишкекте 57, Ошто 2, Чүй облусунда 23, Нарында 1, Ысык-Көлдө 8, Жалал-Абадда 4 учур катталган.

Расмий маалымат боюнча, 2020-жылдын март айынан бери республикада илдеттин 177 миң 484 учуру катталган.

Бир суткада үч адам коронавирустан көз жумду: Маалымдалгандай эки учур Бишкекте, бирөө Нарын облусунда катталды.

Расмий маалымат боюнча, 2020 -жылдын март айынан бери өлкөдө 2,581 адам коронавирустан көз жумган.

Учурда өлкө ичинде 1535 адам коронавирус инфекциясынан дарыланууда. 941 адам амбулатордук негизде (үй шартында) дарыланып жатат. Ооруканаларда – 594 бейтап бар: анын ичинде 50 адам – ​өтө оор абалда, 191 – оор абалда. 353 бейтаптын абалы (же 59,4 пайызы) орточо оор деп бааланууда.

Бир сутка ичинде республикада 135 адам айыкты, алардын ичинен Бишкекте – 57, Ошто – 2, Чүйдө – 34, Ошто – 4, Таласта – 5, Нарында – 2, Ысык -Көлдө – 12, Жалал -Абадда. 12, Баткен – 7.

2020 -жылдын март айынын башынан бери расмий маалымат боюнча коронавирустан 171 миң 902 адам айыгып чыккан.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.