COVID-19: 16-декабрга карата статистика

Кыргызстанда 16-декабрга карата коронавирус дагы 39 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Алар:

Бишкек шаарында – 18, Ош шаарында – 1, Чүй облусунда – 9, Ош облусунда – 2, Талас облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 3, Жалал-Абад облусунда – 3, Баткен облусунда – 1 адамдан илдет табылган.

Бир суткада 43 адам илдеттен сакайып чыкты, эки бейтап каза болду. Стационарларда коронавирустан 317 бейтап, амбулатордук түрдө 354 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 184 миң 94 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 179 миң 166 киши айыгып чыкса, 2 миң 777 адам каза болду.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.