COVID-19: 15-июлга карата статистика

15-июлга карата республикада бир күндө COVID-19дун жана пневмониянын жалпы 1 миң 290 жаңы учурлары катталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев брифингде билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында – 726, Ошто – 53, Чүй облусунда – 176, Ош облусунда – 72, Талас облусунда – 19, Нарын облусунда – 18, Ысык-Көл облусунда – 56, Жалал-Абад шаарында облусу – 55, Баткен облусу боюнча – 115.

Жалпысынан, илдеттин бардык мезгилинде 144 миң 958 учур катталган.

Жайылуу деңгээли (көбөйүү саны (жугуштуу) Rt 1,0).

Күндүн ичинде коронавирустан 1 миң 29 бейтап сакайды: алардын Бишкек шаарында – 575, Ошто – 96, Чүй облусунда – 130, Ош облусунда – 40, Талас облусунда – 18, Нарын облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 23, Жалал-Абад облусу – 66, Баткен облусу – 78.

Жалпысынан, ушул мезгил аралыгында 121 760 бейтап айыкты.

COVID-19дан бир сүткада 10 өлүм катталды: Бишкек шаарында – 6, Чүй облусунда – 3, Жалал-Абад облусунда – 1.

Жалпысынан, ушул мезгил аралыгында 2 миң 143 адам каза болду.

Бир суткада медициналык кызматкерлердин ичинен COVID-19 40 адамда катталды: Бишкек шаарында – 17, Чүй облусунда – 2, Ош облусунда – 3, Нарын облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 2, Жалал-Абадда облусу – 2, Баткен облусу боюнча – 12.

Жалпысынан пандемиянын бардык мезгилинде 6 миң 52 медициналык кызматкер коронавирусту жуктуруп, 5 миң 257 адам айыккан.

4 миң 813 бейтап стационардык дарыланууда.

Алардын 62си канааттандырарлык абалда, 3 миң 123ү орто деңгээлдеги, 1 миң 411и оор, 217си өтө оор экени көрсөтүлгөн.

15 миң 57 бейтап амбулатордук дарыланууда.

Мындан тышкары, күнүнө 8775 ПЦР изилдөө жүргүзүлгөн.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.