COVID-19: 14-декабрга карата маалымат

Кыргызстанда 14-декабрга карата коронавирус дагы 36 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Алар:

Бишкек шаарында – 19, Чүй облусунда – 11, Ош облусунда – 3, Ысык-Көл – 3 адамдан илдет жаңы табылган.

Өткөн суткада 40 адам илдеттен сакайып чыкты, каза болгондор катталган жок. Ал эми стационарларда коронавирустан 321 бейтап, амбулатордук түрдө 367 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 184миң 27 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 179 миң 80 киши айыгып чыкса, 2 миң 773 адам каза болду.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.