COVID-19: 13-декабрга карата маалымат

Кыргызстанда 13-декабрга карата коронавирус дагы 26 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Алар:

Бишкек шаарында – 21, Ош шаарында – 1, Баткен облусунда – 4 адамдан илдет жаңы табылган.

Сутка ичинде 31 адам илдеттен сакайып чыкты, каза болгондор катталган жок. Ал эми стационарларда коронавирустан 350 бейтап, амбулатордук түрдө 348 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 183 миң 991 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 179 миң 40 киши айыгып чыкса, 2 миң 770 адам каза болду.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.