COVID-19: 12-октябрга карата статистика

Кыргызстанда бир күндө коронавирус менен пневмония дарттарынын 93 жаңы учурлары аныкталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, Бишкекте – 51, Чүй облусунда – 21, Ошто – 1, Таласта – 4, Ысык -Көлдө – 9, Жалал -Абадда – 6 жана Баткенде – 1 учур аныкталды.

Расмий маалымат боюнча, 2020-жылдын март айынан бери республикада 179 429 адамдан пневмония жана COVID-19 жуктуруп алган учурлары катталган.

Бир күндө коронавирустан эки адам көз жумду. Учурлар Бишкек шаарында жана Ысык-Көл облусунда катталды. Маркумдарга эмдөө жүргүзүлгөн эмес.

Расмий маалымат боюнча, 2020 -жылдын март айынан бери өлкөдө илдеттен 2622 адам каза болгон.

Коронавирустан 1 миң 114 адам дарыланууда. 672 адам амбулатордук негизде (үйдө), ооруканаларда – 442. Анын ичинде 25 адам өтө оор абалда, 142си оор абалда. 273 бейтаптын абалы (же 61.7 пайызы) орточо деп бааланса, экөөнүн абалы канааттандырарлык.

Бир сутка ичинде республикада 112 адам айыкты, анын ичинен Бишкек шаарында – 50, Ошто – 1, Чүй облусунда – 22, Ошто – 9, Таласта – 3, Нарында – 7, Ысык -Көлдө – 11, Жалал -Абадда – 6 , Баткен – 3.

2020 -жылдын март айынын башынан бери, расмий маалымат боюнча, 174198 адам айыгып кеткен.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.