COVID-19: 11-октябрга карата статистика

Кыргызстанда бир күндө коронавирус менен пневмониянын жаңы 57 учуру аныкталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Анын айтымында, Бишкекте 40, Ошто 2, Чүй облусунда 2, Таласта 1, Ысык-Көлдө 8, Жалал-Абадда 4 учур катталган.

2020-жылдын март айынан бери, расмий маалымат боюнча, республикада пневмония жана COVID-19 179,338 адамда катталган.

Бир суткада коронавирус дартынан бир адам көз жумду. Учур Бишкекте катталган. Маалымат боюнча, маркум эмдөөдөн өткөн эмес.

2020 -жылдын март айынан бери илдеттен өлкөдө 2620 адам каза болушту.

Бир сутка ичинде 67 бейтап коронавирустан айыкты.

Жалпысынан алганда, бардык мезгилде 174 миң 86 бейтап айыкты.

458 бейтап стационардык дарыланууда, 680и амбулатордук дарыланууда.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.