COVID-19: Кыргызстанда калкты коронавируска каршы эмдөө боюнча масштабдуу акция жарыяланды

Келгиле, Кыргызстандын ковид картасын жашыл түскө бойойлу!

Калкты массалык эмдөө боюнча чараларды күчөтүү жана COVID-19га каршы күрөшүү боюнча республикалык ыкчам штабдын протоколдук тапшырмасын аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында 2021-жылдын 1-сентябрынан 10-сентябрына чейин калкты коронавирус инфекциясына каршы эмдөө боюнча масштабдуу акцияны жарыялайт.

Вакцинанын тартыштыгы жок. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Бакыт Жангазиев билдирди.
 
” Жамааттык иммунитетке жетүү үчүн калктын 70% эмделиши керек. Биздин стратегиялык милдетибиз-Кыргызстанды кызыл аймактан чыгаруу жана ар бир офисти, кварталды, районду, регионду жана бүтүндөй республиканы COVID-19 инфекциясынын коркунучу минималдуу болгон коопсуз “жашыл зонага” өткөрүү болуп саналат. Ошого байланыштуу, министрлик мурда “Кыргызстан – жашыл аймак” интерактивдүү картасын ишке киргизген, анда 70% эмдөөдөн өткөн кызматкерлер картага өздөрүн белгилеп, стикер ала алышат”, – деп билдирди Бакыт Жангазиев.
 
Ал белгилегендей, 1 -сентябрга карата республика боюнча 18 жаштан улуу адамдарды камтыган максаттуу топтун (тышкы эмгек мигранттарын кошпогондо) вакцинанын биринчи дозасы менен 681 078ден ашык адам , же 29 пайызы алган, ошол эле учурда 445231 адам, же 19 пайыз, эмдөөнүн толук курсун өтүшкөн.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.