COVID-19: 1-октябрга карата статистика

Бир сутка ичинде коронавирустун жана пневмониянын жаңы 76 учуру аныкталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Анын айтымында, Бишкек шаарында 42, Ошто 1, Чүй облусунда 20, Таласта 2, Ысык-Көлдө 8, Жалал-Абадда 3 учур катталган.

2020-жылдын март айынан бери, расмий маалыматка ылайык, республикада пневмония жана COVID-19 жалпы 178 608 адамдан табылган.

Өлкөдө суткасына коронавирустан каза болгондор катталган жок.

2020 -жылдын март айынан бери, расмий маалымат боюнча, өлкөдө 2 миң 607 адам коронавирустан көз жумган.

Учурда өлкө боюнча 1 235 адам коронавирустан дарыланууда. 799 адам амбулатордук негизде (үйдө), ооруканаларда – 436. Анын ичинде 26 адам өтө оор абалда, 151 оор абалда. 259 бейтаптын абалы (же 59,4 пайызы) орточо оор деп бааланууда.

Бир сутка ичинде республикада 99 адам айыкты, анын ичинен 41и Бишкекте, 26сы Чүй облусунда, 3чө Ошто, 3чө Таласта, 7сү Нарында, 17си Ысык-Көлдө жана 2сү Жалал-Абадда.

2020 -жылдын март айынын башынан бери расмий маалымат боюнча 173 миң 305 адам айыгып чыкты.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.