CIT: Орусия Украинанын чек арасына жакын аймактарга “көп сандагы” аскердик техникаларды жеткирүүдө

Conflict Intelligence Team (CIT) тобунун аналитиктери соцтармактардан Орусиянын аскердик техникалары менен жоокерлери Украина менен чектешкен облустарга жеткирилип жатканын ырастаган жаңы сүрөттөрдү жана видеолорду таап чыгышканын билдиришти.


Алардын айтымында, Воронеж облусуна жаңы техника жеткирилип, Ставрополдон Крымды көздөй эшелондор жөнөтүлүүдө.

“Украинанын чек арасына аскерлерден тышкары көптөгөн техникалар жеткирилип жатканын белгилеп коюш керек. Мынчалык көп техниканын жеткирилишин аскердик бөлүктөрдү кайра куралдандыруу иштери менен түшүндүрүүгө дээрлик мүмкүн эмес”, — деп жазылган CIT тобунун билдирүүсүндө.


Аналитиктердин пикиринде, аскерлерди чек арага жакын жайгаштыруу иштери салыштырмалуу жай жүрүүдө. Ошол эле маалда бул иштер январь айына чейин ушундай темпте жүрө турган болсо, анда чек ара аймактарындагы жана Крымдагы аскердик топтордун саны апрелдеги көрсөткүчтөн кыйла көп болуп калат.
14-ноябрда Украинанын президенти Владимир Зеленский өлкө чек арасына жакын жерде дээрлик 100 миң орус аскери турганын, батыш өлкөлөрү Орусиянын күчтөрү активдүү түрдө Украинага жакын аймактарга жайгаштырылып жатканы тууралуу маалыматтарды беришкенин билдирген.


Орус аскерлеринин Украинанын чек арасына жакын аймактарга жана Крымга жайгаштырылып жатышы Киевдин жана Батыш өлкөлөрүнүн тынчсыздануусун жаратууда. Алар Орусия Украинага кол салышы мүмкүн деп божомолдошууда. Өз кезегинде Москва мындай тынчсызданууларды “чагымчылдык” деп атап, НАТОнун аймактагы аскердик активдүүлүгү өсүп жатканына камтамачылыгын билдирип келет.


21-ноябрда украин Коргоо министрлигинин Башкы чалгын башкармалыгынын жетекчиси Кирилл Буданов Military Times басылмасына курган маегинде Орусия Украинага каршы активдүү согуштук аракеттерди 2022-жылдын январь-февраль айларында башташы мүмкүн экенин айткан.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.