Чырлуу аукцион. Халмиондун 6 тургуну 210 миң сомго күйдүбү?

Баткендин Халмион айыл өкмөтүнө караштуу 1 гектар жер аукционго коюлуп, бирок белгиленген мөөнөт келгенде жараян токтоп калган. Буга баштапкы баанын 10%ын төлөп койгон аукциондун катышуучулары нааразы болуп, жараянга коррупция аралашты деген пикирлерин билдирип жатышат.

Кадамжайдын Халмион айыл өмөтүндөгү жер тилке аукционго коюлганы тууралуу маалымат бир ай мурда жергиликтүү басылмалар аркылуу жарыяланган. Аянты 1 гектарды түзгөн жер 7-июнда аукцион аркылуу сатуу пландалып, баштапкы баа 350 миң сом болгон. Ага 6 киши катышып, алдын ала 10% сумманы төлөп коюшкан. Бирок аукцион өтө турган күнү комиссиянын чечими менен иш чара өтпөй тургандыгы белгилүү болгон.

“Аукцион баштала турган убакыт болгондо комиссия мүчөлөрү келишип, бирок кайра тарап кетишти. Анан комиссиянын чечими менен аукцион өтпөй турган болду деп коюшту. Милдеттүү түрдө аукцион өтүшү керек болчу, анткени биз акчаны берип койгонбуз, мисалы мен 35 миң сом төлөгөм”,- дейт аукциондун каышуучусу Райхан Салиева.

Аталган жер Халмион айыл өкмөтүнүн карамагында туруп, 10 жылга ижарага берилген. Бирок муниципиалдык жер экенине карабай, ижарага алган тарап ар кандай курулуштарды түшүрүп койгон.

“Жерди буга чейин ижарага алып иштеткен адам ал жерге ар кандай курулуштарды түшүрүп койгон. Ошондуктан, түз эле ошол адамга сатылышы керек болгон. Бирок биз түшүнбөй атабыз, анда эмне үчүн аукционго койду?”,- дейт жеке ишкер Умсунай Эркинбаева.

Чыр жаратып жаткан жер 2011- жылы “Абдыраз” ЖЧКна 10 жылдык мөөнөт менен убактылуу пайдаланууга берилген. Аны эске албаган Халмион айыл өкмөтүндөгү мунципиалдык менчикти башкаруу комиссиясы жерди аукционго коюп койгон. Натыйжада ижара ээси арызданып, анын негизинде аукцион токтотулган.

“Аукционду эртерээк токтотконго жетишпей калдык. Документ иштери бүтпөй калды. Катачылык биз тараптан кетти”,- деди аталган айыл өкмөттүн жер адиси Акжол Шарапов.

Жаңжал түзүлгөн комиссиянын шалаакылыганан келип чыккандыгы аныкталып, эми катышуучулардын каражаттарын Халмион айыл өкмөтү кыска мөөнөттө төлөп бермей болду.

Сюжет: Феруза Аскарбек кызы, Жыргал Абдижалил уулу.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген