FB Twitter YouTube Одноклассники

Чыныгы күйөө бала кандай болушу керек?

Ак төөнүн карды жарылган кезде боркулдап казанда эт кайнап, келиндер боорсок бышырып, баарыбыз той бергенге, тойго барганга шашабыз. Дал ушул белгилүү дата эсте каалаарлык өтүүсү үчүн башка жумуштарды четке сүрүп, бир гана эки жаштын жакшы саамалыгына даярдык көрө баштайбыз.

Чыныгы күйөө бала кандай болушу керек? Бул суроого  yntymak.kg сайты  жооп издеп көрдү.

Чыныгы күйөө бала болууну каалагандар үчүн кеңештер:

  • Шым сөзсүз куру менен болушу керек. Мүмкүн болушунча туфли менен курдун (ремень) өңү бир түстө болгону жакшы.
  • Тырмактарыңызды караңыз. Аларды тегиздеп  алсаңыз ашыкчалык кылбайт. Эгер ал үлпөт тоюңузга туш келсе, андан да жакшы кааласаңыз маникюр кызматынан пайдаланыңыз.
  • Жарыңыз менен сейилдөөгө чыкканда, шампанга караганда таттуу токоч менен жемиш ширеси (сок) көбүрөөк керек болот.
  • Бойдокчулук – эң сонун. Бирок бүлөө күтүү андан да жакшы экендигин эске алыңыз.
  • Сакал-муруттарыңызды алуу керек болсо, кечинде алып алганыңыз жакшы. Тоюңуз күнү мындай майда барат нерселер эсиңизден да чыгып калуусу мүмкүн.
  • Сөзсүз түрдө чөнтөгүңүзгө бет аарчы салып алыңыз. Эмне үчүн деп суроонун кажети жок. Биз айтып жаткан соң , салып алыңыз!
  • Костюмду кийин деле кийе берем дебей, үлпөт той үчүн жарашыктуусун сатып алууга аракет кылыныз. Эң негизгиси ал бир тарапка сүрүлүп, топтолуп сизге ынгайсыздык жаратпашы зарыл. Ошондуктан алгач сапатына көңүл буруңуз.
  • Тегерек же торчонун  сүрөтү  түшүрүлгөн галстуктар жарабайт. Андан көрө бир түстүү галстук тагынган жарашыктуу.
  • Кечке эле уюлдук телефонду кармалай берүү бул айланаңыздагы адамдарга жагымсыздык жаратышы мүмкүн. Ошондуктан досуңузга карматып коюңуз.
  • Жашооңуздагы маанилүү күндө сиздин досторуңуз, санаалаштарыңыз да болушунча  жарашыктуу кийинүүсү керек.
  • Кара түс – аза күтүүнүн өңү деген ойдон алыс болуңуз. Анткени кара өңдөгү кийимдер бардык адамга жарашат.
  • Күлгүн түстөгү көйнөк кийүүдөн коркпой эле коюңуз. Анткени ал  жарыңыздын дестесиндеги гүлдөрдүн түсү менен айкалышып жакшы композицияны жаратаары белгилүү.
  • Ар дайым жылмайып жүрүңүз. Бактылуу экениңизди баары билсин.
  • Дарегиңизге айтылган  ар бир каалоо үчүн  эле иче берүүгө болбойт. Досторуңуз өтүнүп жатса да баш тартыңыз. Сүйүктүүңүздүн маанайын түшүрбөйүн десеңиз, алкоголдук ичимдиктерден баш тартканыңыз оң.
  • Чоң, калың курду клубка же джинсы шымдар үчүн алсаңыз болот. Ал эми үлпөт той  күнү канчалык жөнөкөй, ашыкча жасалгасы жок кур тагынсаңыз ошончолук кооз көрүнөт.
  • Таң заардан эле  мен сүрөткө түшүүнү жактырбайм деген ойлорду айтсаңыз, өзүңүздүн да сүрөтчүнүн да маанайын түшүрөсүз…Ошондуктан мындай жоругуңузду убактылуу болсо да  ката турганыңыз оң.
  • Той күнү дегеле сейилдөө учурунда тамеки тартпаңыз. Бул адатыңызды сүйүктүүңүз жактырбашы мүмкүн. Ошондуктан тамеки тартпай, бактылуу мүнөттөрдү жагымдуу элестер менен өткөрүңүз.
  • Аты жок манжаңыздагы нике шакегин тигинен көрсөтпөй, бардык манжаларыңызды жайган абалда гана көрсөтүңүз.
  • Баса, мындай белгилүү күндө ак байпак кийүү шарт эмес.  Өзгөчө кара түстөгү туфли менен.

Макала жактыбы?Анда досторуң менен бөлүш!

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar
wpDiscuz