Чынгыз Айтматов менен Мухтар Шаханов тууралуу даректүү тасма тартылууда

Кыргыз- казак достугун даңазалаган кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматов жана казак эл акыны Мухтар Шаханов тууралуу даректүү тасма тартылууда. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, тасмага тартылуу үчүн, өлкөгө атайын чыгармачыл сапар менен казак эл акыны Мухтар Шаханов келип кетти.

Маалыматта чыгармачыл сапардын алкагында Мухтар Шаханов “Ата-Бейит” тарыхый комплексине. Ч.Айтматовдун үй- музейине жана Ысык-Көлдө болгону айтылат.

Ошондой эле, А. Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында анын чыгармачыл кечеси уюштурулган.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан демилгеленген даректүү тасма, Т.Океев атындагы Кыргыз Улуттук киностудиясынын көмөгү менен тартылууда.Тасманын режиссёру Руслан Машрапов.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.