Чындык издеп Баткенден Бишкекке жол тарткан ата жөө жүрүшүн токтотту. Окуянын чоо-жайы

ИИМ министри бул окуяны өз көзөмөлүнө алгандан кийин  ал бүгүн жөө жүрүштү токтотту. Бул тууралуу ИИМнын маалымат кызматы билдирүү таратты.

Маалыматка ылайык Баткен шаарынын 63 жаштагы тургуну Сайтираим Абдилатов кече Баткенден Бишкекке карай жол тарткан.

Ал адам өлүмүнө шектелип кармалган баласы үчүн акыйкаттык издеп, куткарып калуунун жалгыз жолу катары жөө жүрүш баштаган.

Окуянын чоо-жайы 25-август күнгө алып барат. Ошол күнү түнкү саат 10дор чамасында Кызыл-Кыянын Караван айылында жол  кырсыгы орун алган. Жабыркгаан жаранга эрте мененкиге чейин эч ким көңүл бурган эмес. Койдуруп кеткен айдоочу жол четиндеги терекке жөлөп коюп, изин жашырган. 26-август күнү гана жансыз дене боюнча милицияга кабар жеткен.

Маркумдун артында 3 баласы жана жубайы калды.

“Каргашалуу окуя болгон күнү айдоочу изин жашырбай, ооруканага убагында жеткиргенде жолдошум тирүү калат беле”- дейт маркумдун жубайы Айнагүл Кунаева.

Ал эми бул окуяга шектүү катары Баткен шаарынын тургуну Сайтираим Абдилатовдун 20 жаштагы уулу кармалат.

“Кандын тактары алынган, окуя болгон жердеги автомашинадагы кан маркумдун канына дал келип жатат”- дейт Кызыл-Кыя ШИИБнүн тергөө бөлүмүнүн башчысы Кемербек Бердибаев.

Милициянын далилдерине шектүүнүн атасы ынанбай, куруу доомат экенин билдирди. Анын айтымында автоунаадагы кан атайын сүртүлгөнүн буга чейинки экспертизада автоунаа таза болгон дейт.

“ Оң жак дөңгөлөк менен номердин астынан краскадан бир нерсе сүртүп алды. Сегиз күндөн кийин бизди чакырды. Барсак ошол топурактын ичинде каза болгон адамдын канына окшош кан бар экен. Мен баарын билип турам. Уулумдан канча жолу сурадым чынын айт, сен болгон болсон барып кечирим сурайлы деп. Ал мен кылган эмесмин деп жатат”,-дейт Сайтираим Абдилатов.

ИИМ министри бул окуяны өз көзөмөлүнө алгандан кийин ал бүгүн жөө жүрүштү токтотту.

Укук коргоо органдары окуя кандай өнүккөнүнө карабастан аталган кылмыш иши ИИМ жетекчилигинин өзгөчө көзөмөлүндө болорун убадалашты.

Белгилей кетсек, Баткен облустук ЖКККБнын маалыматы боюнча 2018-жылдын 8 айында 13 адам жол кырсыгынан каза болуп, 153 атуул жараат алышкан. Мына ушундай жол кырсыктарынан айынан көптөгөн үй-бүлөлөр оор жоготууга учурашууда. Андыктан жөө жүргүнчүлөр да, айдоочуларда жол эрежелерин сактоо керектигин тартип сакчылары эскертишет.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген