Чыгымдан кирешеси үч эсе көп. Фермер бөдөнө багуунун сырлары менен бөлүштү

Маматмуса Ункуловдун үйүндө азыр 500дөн ашуун бөдөнө бар. Алардын ар бирин жашына карап,  бөлүп кармайт. Күнүнө 3-4 ирет атайын арпа, буудайдын аралашмасынан даярдалган жемин чачып, суусун толтуруп турат. Кароосу жакшы болсо эле  бөдөнө бат чоңойуп, күнүнө жумуртка берет.

Бөдөнө 45-60 күндө жумуртка бере баштайт.  Чыдамдуулугу да тоокторго караганда жакшы болуп тез жетилет. Эң негизгиси жылуулук, кургактык, анан жеми болуусу шарт. Сыртка көнбөгөндүктөн капаста өстүрүлөт. Балапандар торолгуча алгачкы эки апта бою ар бир кутуга 200 ваттык лампаны коюп, күн-түн иштетүү керек. Андан соң күндүз 14-15 саат иштетип, калган учурда караңгыда кармоо кажет.

“Маньчжурск жана  Техасс  деген эки түрүн багып жатам. Эт менен  жумуртка багытында.  Биринчи баштаганымда бир күндүк кылып инкубатордон чыгарып  алганмын. Анан бир ай атайын жабдык жасап, ошонун ичинде кармадым. Кийин он күндө сеткага чыгарам. Андан кийин ошол жакта болот, баары – жеми, суусу даяр турушу керек. Булар сыртка чыкпайт. Ар күнү эрте менен жыйнайбыз. Анан кардарлар келет. Каалаганы жумуртка, каалаганы бөдөнөнүн өзүн же болбосо сойдуруп сеткасы менен алып кеткени да бар”, – дейт Маматмуса Ункулов.

Бөдөнөнүн этинин да, жумурткасынын  ден-соолукка пайдасы чоң экен дейт фермер. Иммунитетти көтөрүп, көп ооруларга шыпаа. Күнүнө 200дөн ашуун жумуртка алат. Туруктуу кардарлары – айылдаштары, туугандары.

Бир күндүк бөдөнөнүн баасы – 25 сом. Он күн болуп чоңойуп калгандары 50 сомдон болуп, туутка келгендери 150 сомдон сатылат.  Маматмуса Ункулов азыр кардарларына бөдөнө жеткире албай келет. Анткени кафе -ресторандарга жетпей эле мастектерин  220-250 сомдон, короздорун 120-200 сомдон конок тоскону үйүнөн эле  сатып алып кетишет.  Жакшы тукум берген бөдөнөлөрдү 3 жылга чейин багат, кирешеси чыгымына караганда 3 эсе көп.  Азыр фермерди уккандар түштүк облустарынын бардык аймактарынан келип алып кетишүүдө.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген