Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаттары сыйланды

Кечээ, 12-декабрда, Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик жаштар сыйлыгын тапшыруу аземи болуп өттү. Сыйлыктарды тапшырууда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов республикадагы жаштардын олуттуу ролун жана милдетин белгиледи.

«Жаштар республиканы өнүктүрүүдө алдыңкы катарда турат. Сиздер –биздин замандын баатырларысыздар. Бул сыйлык мекенибиздин жыргалчылыгы үчүн келечектеги ийгиликтерди багындыруу үчүн дем-күч берсин», – деди Эдил Байсалов.

Белгилей кетсек, сыйлыктын негизги максаты – республиканын чыгармачыл күчтөрун жаштарды патриоттук духта жана демократиялык кайра куруулар, салттуу руханий, адеп-ахлактык жана маданий баалуулуктарды сактоо жана өнүктүрүү багытында тарбиялоо максатындагы чыгармаларды жаратууга шыктандыруу болуп саналат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.