Чукул кабар! Кыргызстанда өзгөчө кырдаал жарыяланды. ВИДЕОдон көрүңүз

Кыргызстанда өзгөчө кырдаал жарыяланды.

Бүгүн, 21-мартта, Кыргызстандын Коопсуздук кеӊеши Премьер-министрге өлкө аймагына 2020-жылдын 22-мартынан тарта, 1 айга чейин өзгөчө кырдаал режимин жарыялоо сунушун киргизген.

Мындан улам, Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын аймагында өзгөчө кырдаал режимин киргизүү боюнча кеңешме өткөрдү. Премьер-министр кеңешменин алкагында билдиргендей, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин сунушуна ылайык, Өкмөт өлкө аймагында 2020-жылдын 22-мартынан баштап 1 айлык мөөнөттө өзгөчө кырдаал режимин киргизет.

Мындан улам КР Биринчи вице-премьер министри К.Боронов өлкө боюнча өзгөчө абал эмес, ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛ режими киргизилип жатканын билдирип, айырмалычыгын айтты:

 

Ошентип, Кыргызстанда 22-мартынан баштап 1 айлык мөөнөткө өзгөчө кырдаал киргизилди.

Демек, мамлекеттик органдар, мамлекеттик мекемелер, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары үчүн 22, 28, 29-март, 4, 5, 7, 11, 12-апрель иш күндөрү деп белгиленди. Тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Бул чечим өлкө аймагына коронавирус инфекциясынын кирүүсүн алдын алуу жана жайылышына жол бербөө боюнча ыкчам чараларды көрүүгө, экономиканын башка чөйрөлөрүнүн туруктуу ишин камсыздоого багытталган.

Өкмөт учурдагы кырдаал мамлекет жана мамлекеттик бийлик органдары тарабынан тиешелүү чараларды көрүүнү талап кыларын, ошондуктан эс алуу жана майрам күндөрү да иштөөгө туура келерин белгилейт.

Муну менен катар бюджеттик мекемелерди тейлеген коммерциялык банктарга 22, 28, 29-мартты, 4, 5, 7, 11, 12-апрелди иш күндөрү деп жарыялоо сунушу берилди.

Белгилей кетсек, бүгүн, 21-мартка карата, Кыргызстанда коронавируска кабылды делген 12 адам аныкталды. Алар: Сузак районунда – 8, Ноокат районунда – 3, Баткен районунда – 1 тургуну болчу. Мындай маалыматтан кийин Бишкек шаарында да 2 адамга коронавирус жукканы кабарланууда.

Коронавирус: Кыргызстандын түштүгү кооптуу абалда. 3 облустун акыркы маалыматтары

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген