Чукул эскертүү! Көпчүлүк аймактарда жаан жаайт

“Кыргызгидромет” борбору билдиргендей, 21-24-сентябрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, бийик тоолуу райондордо карга айланышы мүмкүн.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 22 метрге чейин жетет. Суук болуп, автоунаа, байланыш, энергетика тармагында жана жайлоолордо мал кармоодо түйшүк жаратышы ыктымал.

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 10…15, күндүз 23…28;

Талас жергесинде түнкүсүн 5…10, күндүз 22…27;

Баткен облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 27…32;

Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 11…16, күндүз 26…31;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 7…12, күндүз 20…25;

Нарын облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 20…25;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -1…-6, күндүз 3…8 градус болот.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген