Чубак ажы Жалиловдун экинчи аял алышы боюнча иш козголбойт

Мурдагы муфтий, диний аалым Чубак ажы Жалиловдун эки аял алышы боюнча кылмыш иши козголбойт. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден 24.kg агенттигине билдиришти.

Милиция текшерүү жүргүзүп, Чубак ажы Жалиловду суракка алган жана кылмыш ишин ачууга негиз тапкан эмес. Анткени диний аалымдын экинчи  аялынан арыз түшкөн жок.

Жалиловдун биринчи жана расмий аялы Гүлнурдун арызы азыр каралууда, ал боюнча чечим кабыл алына элек.

Эске салсак,  Гүлнүр Жалилова Чубак ажы аны жана балдарын өлтүрөм деп коркутканын билдирген. Алгач Жалилованын “Сезим” кризистик борборуна кагазда жазган кайрылуусу социалдык тармактарга тарап кетке. Борбор өкүлдөрү ушундай кат болгонун тастыктап же четке каккан жок.  Көп өтпөй милиция экс-муфтийдин аялы арызданганын билдирген.

Ал ортодо Кыргызстандын муфтийи Максат ажы Токтомушов Чубак ажынын экинчи аялына байланышкан ызы-чууга комментарий берип, социалдык тармактарда жалган маалымат таратпоого чакырды. Ал Исламда көп аял алууга уруксат бар экенин, андыктан экс-муфтийдин кудай алдында күнөөсү жоктугун кошумчалады.

Чубак ажы Жалилов декабрь айынын башында экинчи аял алганын жарыялаган. Бул окуя коомчулукта чоң талкуу жаратып, укук коргоочулар диний аалым мыйзамды бузганы үчун жоопко тартылышы керектигин айтышты.

Сүрөт: Спутник 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген