Чубак ажы Жалилов 2 жылга эркинен ажыратылабы?

Мурдагы муфтий, таасирдүү диний аалым Чубак ажы Жалиловдун экинчи аял алышы интернет колдонуучуларынын арасында кызуу талкууга алынууда. Соцтармактагылар ажынын бул кадамын колдоп же каршы чыгып жазып жатышса, укук коргоочулар Жалиловдун экинчи аял алышы Кыргызстандын мыйзамдарына каршы келерин, аны 2 жылга эркинен ажыратуу менен жазалоого болорун айтып чыкты.

“Кылым шамы ” адам укугун коргоо борборунун жетекчиси Азиза Абдирасулова Чубак ажы Жалиловдун экинчи аял алганын жарыя кылганы боюнча Бишкек шаардык прокуратурасына арыз менен кайрылганын соцтармакка жазды. Ал Кыргызстандын ар бир жараны өлкө мыйзамдарын сакташы керектигин эске салып өттү.

КРнын Кылмыш-жаза кодекси, 153-берене:

“Эки же андан көп аял алуу, башкача айтканда, жалпы чарба алып барып эле бир нече аял менен жашоо эки жылга эркинен ажыратуу менен жазаланат”. 

Бул билдирүүдөн кийин укук коргоочунун дарегине дагы  түрдүү сын-пикирлер айтылып жатат.

 

 Ал ортодо “Мутакалим” коомдун фондунун башчысы Жамал Фронтбек кызы мурдагы муфтийдин экинчи аял алышы боюнча мыйзам өз күчүн көрсөтүшү керектигин айтууда.
“Ал КРнын Улумалар кеңешинин мүчөсү катары КР Конституциясын, мыйзамдарын сакташы керек. Албетте, динде бул жазылган, бирок диний лидер катары ал светтик да, диний да мыйзамдарды карманышы керек”, – деди Фронтбек кызы.
“Мутакалимдин” башчысы  Чубак ажы аялга ушунчалык жардам бергиси келсе, ага үй салып, бизнес курууга жардам берсе болмок деп кошумчалады жана мамлекеттик органдар, прокуратура, ИИМ маселени көңүл сыртында калтырбашы керек экенин белгиледи.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген