Чолпон-Атада Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт

19-20-августунда Чолпон-Ата шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Иш-чарага Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Беларусь Республикасынын рремьер-министри Роман Головченко, Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин, министрлер еабинетинин төрагасы Улукбек Марипов, Орусиянын өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин, Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович катышышат.

Жыйынга байкоочу катары Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов, Кубанын премьер-министри Мануэль Марреро Крус (видеоконференция аркылуу) катышышат.

Өкмөттөр аралык кеңештин жыйыны тар жана кеңейтилген форматта өтөт.

Өкмөт башчылары ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өз ара жана тышкы соодасын камсыздандырууну колдоо, товарларды ташып чыгууда белгиленген бир жактуу тарифтик эмес чараларды жакындатуу маселелерин, ошондой эле экспорттук бажы алымдарын карашат. 

Мындан тышкары, шайкештикти баалоо чөйрөсүндө аккредитациялоо боюнча Евразия аймактык уюмун түзүү маселеси жана күн тартибиндеги башка бир катар актуалдуу маселелер каралат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.