“Чогулган акчаны жеп алды деген маалымат жалган!” Боронов фонддогу каражат боюнча маалымат берди

Коронавируска каршы күрөшүү үчүн чогулган акчаны бийликтегилер жеп алды деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул туралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов  Өкмөттүн жасаган иши тууралуу, өзгөчө топтолгон каражаттын жумшалышы боюнча маалымат элдин калың катмарына жетпегендигинен ар түрдүү пикирлер чыгып жатканын белгиледи.

“Учурда болгону фондго 123 млн. сом түшүптүр. Фейк маалыматтар тарап, бул акчаны ичип-алды жеп алды деп айтып күнөөлөп жатышат”,-деди Иса Өмүркулов.        

Биринчи-вице-премьер-министр Кубатбек Боронов коронавируска каршы күрөшүү боюнча  фондго түшкөн каражаттын жумшалышы боюнча маалымат берди.

“Мында 2 эсеп ачылган. Биринчиси Саламаттык сактоо министрлигинде. Ага элден, демөөрчүлөрдөн түшкон акчанын көлөмү 125 млн. сом болду. Анын 38.5 миллиону атайын түзүлгөн комиссиянын чечими менен дарыгерлерге кошумча айлык катары бөлүп берүү чечими кабыл алынып, каржыланды”,-деди Кубатбек Боронов.

Өкмөт өкүлү билдиргендей, экинчи эсеп Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинде ачылып, ага 13.5 млн акча түшкөн.

“Министрлик бул сумманын 4.3 миллионун  коротту.   Өзүнүн тизмесинде турган аярлуу катмарга жардам берүү иретинде иштетти. Калган акчасы эсепте турат, жеп-ичип койду деген туура эмес”,-деп кошумчалады.

Биринчи вице-премьер министрдин ырастоосунда  ачылган 2  эсеп  боюнча тең бардык маалыматтар сайтка жайгаштырылууда.

Кызыккан жарандар  www.help.covid.kg сайты аркылуу бардык маалыматты алса болорун айтып өттү.

Жээнбеков: бул күрөштө биз жалгыз эмеспиз

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.