“Чоңойсом мугалим болом” Президенттин белеги 7 жаштагы секелекти ыйлатты

Эркебү 7 жашта. Ал турмуштун оор сыноосуна эрте кабылган секелек кыз. Энеси төрөттөн каза болуп, ал эми атасы миграциянын агымы менен кеткен көптүн бири. Кызы менен кабарлашпайт деле, дайыны да жок.

Эркебү Ош облусунун Өзгөн районундагы Ана-Кызыл айылында Таята-таэнеси менен жашайт. Чоң адамдын түйшүгүн эрте тарткан 7 жаштагы каарманыбыз таэне, таятасы талаа жумуштары менен алектенген учурда кичинекей бөбөгүн карап, ага кам көрөт.

Бүгүн, 1-июнь Балдарды коргоо күнүндө Эркебүнүн көздөрүнөн кубанычтын жашы акты. Анткени ал ноутбуктуу болду, аны Эркебүгө Президент Сооронбай Жээнбеков берип жибергенин айтып, Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев тапшырды.

Ош облусунун башчысынан тышкары райондун акими, айыл өкмөттүн башчысы да Эркебүгө белектерди, шириндиктерди ала барышкан.

Сүйүнгөңдөн ыйлаган Эркебү чоңойгондо мыкты мугалим болуп, балдарды окутуу тилегин айтты.

“Мен эми бөбөгүмө ноутбуктан тамга үйрөтөм”,-деди көзү жашылданган секелек.

Ал эми Өкмөттүн өкүлү Жылкыбаев келечектин мыкты мугалимине вай-фай роутер берип жиберүүнү убадалады.

 

Ош шаары: 13 жаштагы Акылай Президенттин белегин алды

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.