Чоңалайлыктар топоз багып киреше табууну колго алышты

Чоң- Алай районунун жашоочулары топоз багып, киреше таап жатышат. Район боюнча өткөн жылы 1000 баш топоз болсо, быйыл алардын саны 1900гө жеткен.

Эт багытындагы топоздорго жыл санап суроо- талап көбөйүп жатат. Андыктан, башка аймактардагы фермерлер да өз жерлеринде багып көрүү үчүн сатып алып жатышат.

Топоздор жайлоого айдалганга чейин жем- тоют менен багылып, жайытта өскөн чөптөр менен азыктанат. Ошондой эле топоздор- эркиндикти сүйгөн жаныбар.

“Уйларды караган сыяктуу эле топоздорду эмдөөдөн өткөрүп турабыз. Чоңдорун талаада карасак, кичинелерин колдо карайбыз, анткени карышкыр көп тийет”,- дейт фермер Мамат Патаев.

Топоз  менен эт багытында жакшы киреше тапканга болот. Бир топоздон салмагына жараша 100 килограммдан 350 килограммга чейин эт алынат.  Базар баасында бир килограмм топоз эти 300 сомдун тегерегинде. Ошондо бир жыл ичинде фермерлерге  600 миң сомдон ашуун киреше түшөт.

“Этти көбүнчө Ош облусуна сатабыз. Басымдуу бөлүгү Чоң- Алай жана Ноокат райондоруна сатылат. Июнь айында букаларды 50 миңден 80 миңге чейин сатылат, анткени июнде топоздордун этке толгон убагы болот”,- дейт Мамат Патаев.

Топоздор эттен тышкары сүт да берет. Фермер Инават Кылычеванын айтуусунда, топоздун сүтү уйдун сүтүнө караганда майлу болот.

“Бир топоздон 2 литрдей сүт алам. Сүттөн кадимкидей эле айран, каймак кылабыз”,- дейт фермер.

Жыл башынан бери топоздордун дээрлик баардыгы идентификациядан өткөрүлүп бүттү. Эми муну менен башка мамлекеттерге экспортко чыгарууга  мүмкүнчүлүк жаралат. Негизинен Чоң-Алай районунун калкы мал-жандык менен алектенет. Айрыкча  кара мал, топоз, жылкылардын саны көбөйтүлүүдө.

Сүрөт: Азаттык

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген