Чоң-Алайлык тургун жеңил унаа үчүн кар сүргүч жасады. Видео

Ош облусунун Чоң-Алай районуна караштуу Жаш-Тилек айылынын тургуну Кудайберген Ажиев атайын жеңил унаа үчүн кар сүргүч жасады. Бул тууралуу “Ынтымактын” аймактык кабарчысы маалымдады.

Маалыматка ылайык, аталган кар тазалоочу шайманды бир күндө жасап бүтүп, “Нива” үлгүсүндөгү унаага орноткон.

“Бизде кар көп жаайт, короолорубуз кең. Ошол үчүн күрөк менен тазалоо бир топ түйшүк жаратат. Бул сүргүч менен 1 сааттын ичинде эле тазалап коем”, – дейт айыл тургуну.

Аталган кар сүргүчтү жасоо үчүн 2000 сом акча каражаты керектелген.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген