Чоң-Алайда туу жана ак калпак күнү белгиленди

Ош облусуна караштуу Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айылында мамлекеттик туу жана ак калпак күнү белгиленип, жаштар тарабынан чакан программадагы майрамдык иш-чара уюштурулду.

Иш-чарага аталган райондун мамлекеттик адмнистрациясынын башчысынын орун басары Абдубаит Акматов, мектеп окуучулары жана №44 кесиптик лицейдин студенттери катышты.

Майрамдык жүрүшүндө патриоттуулук ырлары ырдалып, жаштарга туу, ак калпак тууралуу маалыматтар берилип, куттуктоо сөздөрү айтылды.

Белгилей кетсек, мамлекеттик тууну легендарлуу парламент эки ай талкуулап 1992-жылдын 3-марттында кабыл алган. Быйыл Кыргыз Республикасынын туусуна 28 жыл толду.

Ошто мамлекеттик туу күнү белгиленди. Фото

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген