Чоң-Алайда коронавирусту алдын алуу үчүн штаб түзүлдү

Ош облусунун Чоң-Алай районунда коронавирусту алдын алуу максатында штаб түзүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчыбыз билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган штабды райондук оорукананын башкы дарыгери Бакиров Ыса көзөмөлдөйт.

Эске салсак, 2019-жылдын декабрь айында Кытайдын Ухань шаарында белгисиз вирус пайда болгондугу айтылган. Аталган вирус 2019-nCoV деп аталып, АКШ, Тайланд, Түштүк Корея, Япония, Австралия жана Францияда дагы байкалгандыгы маалымдалган.

Кытай бийлигинин маалыматы боюнча учурда өлкө аймагында коронавирустан 106 киши көз жумду. Инфекцияны жуктуруп алгандардын саны төрт жарым миңден ашты. Коронавирус Хубэй провинциясындагы Ухань шаарында тараган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген