Чоң-Алайда Hyundai Porter унааларын колдонууга тыюу салынды

Чон-Алай районунун дыйкандары эми картошкаларын 10 тонналык КАМАЗдар менен сатууга алып келишет. Алар буга чейин 2 тонналык Hyundai Porter унааларын колдонушчу. Бул тууралуу “Ынтымактын” аймактык кабарчысы маалымдады.

Өлкөдөгү абалга байланыштуу элдин саламаттыгын эске алып, райондо Hyundai Porter унааларын колдонууга тыюу салынды.

Учурда чоңалайлыктарда сатыла турган 1 800 тонна картошкасы бар. Дыйкандардын айтуусу боюнча бардык артошкалар алдыңкы бир айдын ичинде сатылып бүтүүгө тийиш.

“1-апрелден бери 11 камаз картошка Ош шаарында сатылды”,-деди райондук айыл чарба департаменти.

Учурда чоңалайлык картошкалардын бир килограмм баасы 20-25 сомду түзүп жатат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген