Чоң-Алайда дарыянын деңгээли көтөрүлүп, онго жакын үйгө кооптуулук жаралууда

Бүгүн,15-майда Чоң-Алай районундагы Кызыл-Суу дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, жээктерди жей баштады. Суунун денгээли көтөрүлгөнүнөн онго жакын үйгө кооптуулук жаралды.

Азыркы учурда жээкти бекемдөө аракеттери башталды. Жарандык коргонуу комиссиясынын адистери менен техникалар тартылды.

Акыркы учурларда табигый кырсыктар көп катталууда. Акыркы жолу 11-12-майда Жалал-Абаддын Авлетим айыл аймагында дарыянын деңгээли көтөрүлүп, 70ге жакын турак жайга коркунуч жаралган. Онго жакын үй-бүлө коопсуз аймакка көчүрүлгөн.

 

 

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген