Чоң-Алайда беткап тигиле баштады

Чоң-Алай районунда медициналык беткаптар тигиле баштады. Бул тууралуу “Ынтымакка” аталган райондун администрациясынан билдиришти.

Буга чейин райондогу дарыканалардын биринде дагы беткап жок экендиги айтылган. Кечээ, 18-март күнү Чоң-Алай муниципалдык тигүү цехинде 100 даана тигилип, 20 сомдон сатылган. Бүгүнкү күндөн тарта кошумча тигүүчүлөр иштеп баштады. Беткаптардын баасы бекитиле элек.

Эске салсак, Чоң-Алай районунда 18-мартта үй карантинине алынган 2 жаран ооруканага жаткырылган. Учурда алардын абалы туруктуу.

Чоң-Алайда ишеним телефондору иштей баштады

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген