Чиновниктерди калпак кийүүгө милдеттендирген мыйзам сунушталды

Мындай демилгени Жогорку Кеңештин депутаттары Экмат Байбакпаев жана Бакирдин Субанбеков сунуштап жатат. Долбоор 8-январдан тартып коомдук талкууга коюлганын ЖКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Долбоордо калпакка аяр мамиле жасоо жана Кыргыз Республикасынын маданий символу статусун берүү сунушу жазылган. Ошондой эле улуттук баш кийимди расмий иш-чараларда пайдалануу, чиновниктерге эл аралык жолугушууларда милдеттүү түрдө калпак кийүүсү демилгеленген.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 22-декабрында Бишкекте иттердин мода көргөзмөсү өтүп, анда катышуучулардын бири итине ак калпак кийгизип чыккан. Бул коомчулукта катуу талкууга алынып, улуттук баалуулукту сыйлабагандык деп бааланган.

29-декабрь күнү “Бишкек парк” соода борборунун алдына бир нече жарандык активист митингге чыгып, соода түйүнүнүн жетекчилиги улуттук баш кийим саналган калпакты шылдыңга алганын айтышты.

Активисттер 22-декабрда соода борборунда иттердин көргөзмөсү өтүп, анда катышуучулардын бири итине калпак кийигизип, улуттун намысына доо кетиргенин айтып, “Бишкек парктын” жетекчилиги кыргыз элинен кечирим сурашын талап кылышты.

Мындан башка активисттер “Бишкек парктын” жетекчилиги иттер көргөзмөсүн өткөрүүгө шарт түзгөнүнө байланыштуу айыбын жоюу максатында балдар жана карылар үчүн 10 млн сом которушун талап кылышууда. Бул талап ишке ашпаса жарандык активисттер соода түйүнүнүн жетекчилиги мыйзам алдында олуттуу түрдө жоопко тартыларын эскерткен.

Активисттердин митингине “Бишкек парктын” өкүлчүлүгүнөн эч ким чыккан жок.

28-декабрда Жогорку Кеңеште бир нече депутат “Бишкек парктагы” иттер көргөзмөсүндөгү көрүнүштү айыптап чыккан, ал эми президенттик аппарат улуттук баш кийимди итке кийгизген көрүнүшкө өз баасын берерин билдирген. Азырынча бул боюнча маалымат бериле элек.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген