Чиновниктер 4 млн сомду менчиктеп, Өзгөндө бала бакча бүтпөй турат

Райондун Акжар айылында 2016-жылдын август айында жаңы бала бакча ишке кирмек. Бирок Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгы менен куруучу компания 4 млн сомдой акчаны мыйзамсыз менчиктеп алып, курулуш аягына чыкпай токтоп калган. Бул тууралуу бүгүн, 12-мартта Башкы прокуратурадан билдиришти.

Ажардагы мыйзамсыз аракетти прокуратура социалдык объектилердин курулушуна көзөмөлдү күчөтүү иш чарасынын алкагында аныктап чыккан.

“Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгы 2015-жылы “Э.Н.” жоопкерчилиги чектелген коом менен Ажар айылына 20 млн 652 ми сомго бала бакча куруу боюнча келишим түзгөн. Келишимге ылайык, бакча 2016-жылдын 25-августунда бүткөрүлүшү керек эле. Бирок курулуш башкармалыгы менен ЖЧК өкүлдөрү бааларды көтөрүп, акчаны мыйзамсыз менчиктеп, мамлекетке 3 млн 979 миң сом зыян келтирген. Ошентип, бала бакчанын курулушу бүтпөй калган”, – дешти прокуратурадан.

Текшерүү жыйынтыгында Кылмыш-жаза кодексинин бир нече беренеси менен кылмыш иши ачылды. Тергөө амалдары уланууда.

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar