Орусия чет элдиктерге жарандык алуунун убактысын кыскартты

Эми Орусия чет өлкөлүк жарандарга жарандыкты эрте бере баштайт. Бул боюнча буйрукка Президент Владимир Путин кол койду.

Мындан ары Орусия жарандыгын алууну каалаган жарандар бир жылдык стаж менен жарандык алса болот. Бул көрсөткүч мурда үч жыл болчу.  Жөнөкөйлөтүлгөн жобо ушул жылдын 2-октябрында күчүнө кирип, жарандыкты чет өлкөлүктөр дагы, такыр жарандыгы жоктор дагы ала алат.

Учурда жарандык алууга укуктуу болгон кесиптердин тизмеси бекитилип, математиктер, инженерлер, дарыгерлер ал тизмеге кошулган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген