Чет өлкөдө жүргөн 23 кыргызстандык COVID-19 вирусун жуктуруп алган

Чет өлкөдө жүргөн 23 кыргызстандык COVID-19 вирусун жуктуруп алган. Алардын ичинен БАЭде – 3, Пакистанда – 7, Малайзияда – 4, Индияда – 1 жана Испанияда – 1.

Ал эми акыркы мезгилдин ичинде Кыргызстандын 2719 жараны Россиядан, Болгариядан, Вьетнамдан, Египеттен, БАЭ, Индиядан, Малайзиядан, Таиланддан, Шри-Ланкадан, Түштүк Кореядан жана башка өлкөлөрдөн алынып келинди. Бул үчүн чартердик каттамдар уюштурулган», – деп билдирди КР тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев.

Алардын ичинен:

Россиядан – 1531,

БАЭден – 326,

Түркиядан – 197,

Сауд Аравиясынан – 285,

Индиядан – 176,

Египеттен – 131,

Таиланддан – 52,

Германиядан – 5,

Калгандары башка өлкөлөрдөн кайтарылды.

Анын айтмында, бүгүнкү күндө дүйнө жүзүнүн 42 өлкөсүндө, анын ичинде Европа, Азия жана Түндүк Америка өлкөлөрүндө Кыргызстандын жарандары бар.

COVID-19: Оштогу дарыгерлердин өкмөткө кайрылуусун комиссия териштире баштады

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген