Чет элдик жарандарды Орусиядан чыгарууга мораторий 30 -сентябрда аяктайт

Чет элдик жарандарды Орусиядан чыгарууга мораторий 30 -сентябрда аяктайт. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен билдиришти.

Анын айтымында, Орусиянын президентинин “Жаңы коронавирустук инфекциянын жайылышынын кесепеттерин жоюу мезгилинде Орусиядагы чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктук статусун чечүү боюнча убактылуу чаралар жөнүндө” жарлыгына ылайык, 2021 -жылдын 30 -сентябрында чет өлкөлүк жарандар, анын ичинде Орус өлкөсүндө жүргөн кыргыз жарандары үчүн эч кандай чечим кабыл алынбайт:

  • Орусиядан административдик түрдө чыгаруу жөнүндө;
  • Орусиядан депортация жөнүндө;
  • Орусияда болуунун (резиденциянын) каалабастыгы жөнүндө;
  • Орусия өлкөсүндө убактылуу болуу мөөнөтүн кыскартуу жөнүндө.

30 -сентябрдан тарта Орусиянын ички иштер министрлигинин аймактык органдары өлкөнүн аймагында каттоонун жоктугунун себептерин түшүндүрүп, мыйзамсыз жүргөн чет өлкөлүк жарандардын кайрылууларын кабыл алууну токтотушат.

Буга байланыштуу элчилик кыргыз жарандарынан ынандырарлык түрдө Орусияда болууну мыйзамдаштырууну жана бардык зарыл болгон процедураларды белгиленген убакытка чейин (миграциялык каттоого туруу, эмгек келишимин түзүү, каттоо) бүтүрүүнү суранат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.