Чет элдик ишкерлерге патент менен иштөө талабын киргизүү сунушталууда

Кыргызстандын ичинде эмгектенип жүргөн чет элдик жарандар айына 1000 сомдон патент сатып алып иштесин. Бул бюджетке чоң каражат алып келет. Мындай сунушун депутат Жанар Акаев ЖКнын бүгүнкү жыйынында билдирди.

Эл өкүлүнүн айтымында учурда Орусияда жүргөн миллион кыргызстандыктын ордун арзан күч катары кошуна өлкөнүн жарандары басып жатышат.

“Мурда Ош, Жалал-Абадды арзан күч каптаса, азыр Бишкек эле эмес, Талас, Нарын, Чүйдөн бери каптады. Жумуш берүүчүлөр тигүү, курулуш тармагында иштеп жаткан жарандарыбызды жумуштан бошотуп, алардан ордуна эки эсе арзан иштеген кошуна өлкөлөрдүн арзан күчүн алып жатат. Айласыздан биздин жарандар жумуш издеп Орусия, Казакстанга кетүүдө. Биз кыргызстандык мигранттар жылына 2 миллиарддан ашык акча которот деп мактанып жатабыз, а бирок ошол акчаны кошуна өлкөнүн жарандары алып чыгып кетип атпайбы. Өкмөт мыйзамга өзгөртүү киргизип, кошуна өлкөнүн жарандары айына 500 же 1000 сомдон төлөп, патент алып иштей турган кылышы керек. Мунун эсебинен бюджетке жылына миллиарддаган акча түшөт. Азыр ал акча бюджетке түшпөй, 10-бөлүмдүн кызматкерлерин байытып, сол чөнтөккө кетип жатат. Ошондуктан системага салып, мамлекеттик казынага түз түшө турган кылыш керек“,-деди Акаев.

ИИМ министринин орун басары Курсан Асанов депутаттатын бул демилгесин толук колдой турганын айтып, миграция кызматынын өкүлдөрү тиешелүү өзгөртүүлөрдү даярдай турганын билдирди.

Маалымат боюнча 2018-жылы Өзбекстандан 130 жаран Кыргызстанда иштөө уруксат кагазын алган.

Булак: Калыс

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген