Чет элдик дипломаттар Кумтөргө барышты

Чет элдик элчилер жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү Кумтөр кенине барышты. Бул тууралуу “Кумтөр Голд Компанинин” басма сөз кызматынан кабарлашты.

Анда маалымдалгандай, 2021-жылдын 25-июнунда дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин чакыруусу боюнча, Кумтөр Голд Компанинин уюштуруу колдоосу менен, кенге барышты.

Делегациянын курамына Индиянын жана Улуу Британиянын Кыргызстанда аккредиттелген атайын жана ыйгарым укуктуу элчилери, Азербайжан Республикасынын элчилигинин өкүлү, ошондой эле эл аралык жана республикалык уюмдардын кызматкерлери кирди.

Меймандар Кумтөргө убактылуу тышкы башкаруу киргизилгенден кийин кендин иши менен таанышышты.

Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Динара Кутманова келгендерге канадалык “Centerra Gold Inc” компаниясы дайындаган кен оператору тарабынан кенди иштетүү учурунда бир катар экологиялык стандарттар сакталбай калгандыгы тууралуу айтып берди. Дипломаттар Лысый жана Давыдов мөңгүлөрүнүн абалын өз көздөрү менен көрүштү.

Динара Кутманова ошондой эле ишкана үзгүлтүксүз режимде жана коопсуздук чараларын сактоо менен ишин улантып жаткандыгын баса белгиледи.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.