Чемпиондор лигасында Манчестер Юнайтед ПСЖдан утулду

Кечээ, Анлиянын “Манчестер Юнайтед” командасы Париждин “ПСЖ” командасынан жеңилди. Бул беттеш Европа чемпиондор лигасынын плей-офф баскычынын алкагында өткөрүлдү. 

Жаңы машыктыруучу кол алдында көптөн бери жеңилбей жаткан  “Манчестер Юнайтедди” Франция чемпиондору 2:0 эсебинде утуп алды. Беттеште алгач, Преснель Кимпембе 53-мүнөттө эсепти ачса, 60-мүнөттө Килиан Мбаппе Манчестер дарбазасына экинчи топту киргизип койду. Ошентип Неймар жана Каванни жок талаага чыккан “ПСЖ”  Гуннар Сульшер шакиртерин тизе бүктүрдү.

Эми эки команданын жооптук беттеши 6-март күнү Парижде өткөрүлөт. Анда “Манчестер Юнайтед” кийини турга өтүш үчун “ПСЖны” 3:0 эсебинде утушу керек.

Бүгүн, 13-февралда чемпиондор лигасынан 8/1 финалында дагы эки беттеш өткөрүлөт. Анда Тоттенхэм – Боруссия менен Аякс – Реал Мадрид менен күч сынашат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген