Челси Европа Лигасын жеңип алды

“Челси” “Арсеналды” ири эсепте утуп  Европа Лигасында жеңүүчү болду. Эки команданын оюну кечээ Баку шаарындагы “Олимпийский”  стадионунда өткөрүлдү. 

Беттештин 1-бөлүгүндө Англиянын эки клубунун күчү бирдей болуп, тыныгууга 0:0 эсебинде чыгышты.  Ал эми экинчи таймда “Челси” оюнчулары “Арсенал дарбазасына 4 топ жолдосо, Унаи Эмери шаакирттери болгону 1 гол менен жооп берип, жеңилүү ызаасын тартты.

“Челсинин”  2 голун Эден Азар киргизсе, Оливье Жиру менен Педро Родригес бирден голдун автору болду.  Ал эми “Арсеналдын” жалгыз голун жарым коргоочу Алекс Ивоби киргизди.

Ошентип, Роман Абрамовичтин клубу Европа Лигасын экинчи жолу колго киргизди. Алар, биринчи жолу 2013-жылы финалда португалиянын “Бенфика” командасын утуп, чемпион болушкан эле.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген