Чектөөгө баш ийбеген чоң автоунаалар Ош-Исфана жолун талкалап жатат

Ош-Баткен-Исфана автоунаа жолунун пайдаланууга берилгенине  10 жылга жетпей жатып талкаланууда. Буга оор жүк ташуучу унаалардын тыюу салынган сааттарда да жолдо жүргөнү негизги себеп.  Буйрукка ылайык, жалпы салмагы 25 тоннадан ашкан транспорт каражаттары аба температурасы 28 градустан ашканда жолдо жүрбөш керек.Чектөө июль-сентябрь айларына ушул жылдан киргизилген.  Бирок трассада аптап күндөрү да чоң унаалардын агымы тынбайт. А расмий түрдө эки айда 15 гана жүк ташуучу машинага протокол түзүлгөн.

Күн ысыган кезде да оор жүк арткан автоунааларды Ош-Баткен-Исфана жолунан байма-бай көрүүгө болот. Бул жолдон күн сайын аз дегенде 2-3 миң  машина өтсө, анын 30-40%ы оор жүк ташыгандар. Транспорт министирлиги жолдорду сактоо үчүн 1-июлдан 1-сентябрга чейин (саат 9:00-20:00) жалпы салмагы  25 тоннадан ашкан оор жүк ташуучу унааларга чоң жолдордо жүрүүгө тыюу салган. Бирок айдоочулар көрсөтүлгөн эрежеге баш ийбей жатат.

“Ушул эки айдын ичинде 1500 протокол түзүлгөн болсо, анын 15и жылуулук ченемин бузгандар болуп эсептелет. Бизде атайын топ түзүлүп, андайларды өткөрбөй карашат”, – дейт Баткен облустук ЖКККБнын үгүт-насаат тескөөчүсү Чолпонбай Арстанбеков.

Оор жүк ташуучулардын жылуулук эрежесин сактабай жатканынын да жөнү бар. Анткени айып пул өлчөмү – 1000 сом. Штрафты төлөп, жолдон калбай жүрүү айдоочулар үчүн каржылык жактан кыйынчылык жаратпайт.

Эске салсак, Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 238-252-чакырымдарына асфальт төшөө иштери уланууда. Бул аралык  трассанын акыркы бөлүгү болуп саналат. Ал ортодо жолдун Баткен-Лейлек бөлүгү бузула баштаганын жергилктүү тургундар айтышат.

Иллюстративдик сүрөт. Спутник-Казакстан

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген