Чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылган кыргыз жарандары кармалды

Аба майдандагы өткөрүү бекеттеринде мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылгандыгы үчүн Кыргызстандын эки жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Белгиленгендей, “Ош-аэропорт” өткөрүү пунктунда чек арачы 1997-жылы туулган У.А. эгиз бир тууганынын паспортун колдонуп, Ош-Пермь рейси менен Орусияга учууга аракет кылган кыргыз жаранын кармады.

Чек арачы бир эгиздин сүрөтүнө карап, экинчисинин сырткы көрүнүшүндө айырмачылыктарды байкаган.

Буга чейин Түркиядан депортацияланган дагы бир кыргыз жараны Стамбулга мыйзамсыз учууга аракет кылгандыгы маалымдалган.

“Манас” эл аралык аэропортунда, Бишкек-Стамбул каттамына өтүп жаткан, 1986-жылы туулган кыргыз жараны П.А. 1992-жылы туулган Н.Т.кызынын атына берилген чет элдик паспортту чек арачыга берген жеринен кармалган.

Кийин белгилүү болгондой, жаран П.А. Түркиядан депортация болгону аныкталган, ошондуктан бул өлкөгө учуп кетүү үчүн эжесинин паспортун колдонгон.

Тиешелүү документтер түзүлгөндөн кийин кармалгандар кошумча иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн КР УКМКнын аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.