Чек арадан Кыргызстанга биринчи өткөн Абдыхалилова кубанычтары менен бөлүштү

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы “Достук” бекети ачылгандан бери эки өлкө тургундарынын чек арадан өтүүсү жандана баштады. Бекет ачылган алгачкы күнү эле өзбекстандык Инаят Абдыхалилова Кыргызстандагы туугандарына келди. Ал жакындарын көргөнүнө сүйүнүп, кубанычын жашыра алган жок.

“Биз буга чейин 3-5 жылда бир келип кетчү элек. Анда да көп документтерди толтурууга туура келет болчу. Азыр эми абдан сүйүнүп олтурабыз. Туугандарыбыз менен бат-баттан катташууга мүмкүнчүнүлүк түзүп берген жетекчилерге ыраазыбыз”,-деди Абдыхалилова.

Инаят Абдыхалилова мындан 28 жыл мурун Өзбекстанга турмушка чыккан. Бирок ал кыргызстандын жараны. Ошондуктан бир туугандарынын баары Кыргызстанда жашайт. Туугандарын эки жыл мурун көргөн.

Эжеси Хамрон Нематованын айтымында, сиңдисинин келишин бардык туугандары чогулуп тосуп алышты. Жакынын көргөнүнө сүйүнүп, көздөрүнө жаш алгандары да

Ош шаарынын вице-мэри Замирбек Аскаровдун билдиришинче, чектөөлөрдүн алынып салынышы боюнча маселе бир жыл мурун талкууга алынган. Мында кыргыз-өзбек жарандарынын баарына бирдей жеңилдик түзүү негизги максат болгон. Эми жаңы келишимге ылайык чек арадан өтүү үчүн чет элге чыгуучу паспорт гана жарактуу болуп саналат. Паспортко өткөрмө бекеттен мөөр басылган күндөн баштап кыргызстандыктар Өзбекстанда 90 күн жүрүүгө укуктуу . Ушундай эле талап коңшу өлкөнүн тургундарына да тиешелүү. Буга чейин жарандар урук-туугандарын тойлордо же жакындары каза тапкан учурда гана чек арадан өтүп келишкен. Анын үстүнө документтин бир канча түрүн, телеграмма алуу дагы кыйынчылык жаратып, убара тарткандар көп болчу.

Белгилей кетсек, 5-сентябрда эки өлкөнүн президенттери кызматташуу тууралуу келишимдерге кол коюшкан. Анда “Достук” өткөрмө бекети менен кошо 85 пайыз чек ара тилкелери такталып, орто пикирге келишти. Эми октябрь айында калган тилкелер боюнча дагы жолугушуу уюштурулат.

 

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar
wpDiscuz