Чек арадагы чыр тууралуу айыл тургундары айтып берди

Кыргыз- тажик чек арасында чыккан чыр тууралуу окуя болгон айылдын жашоочулары айтып берди. Тургундардын айтымында, тажик чек арачылары келип, бейкапар соода кылып олтурган Максат айылындагы соодагерлерди уруп, сөгүп киришкен. Натыйжада аялдар жана жаш балдар коркуп калышкандыгын айтышты.  

4- июнь күнү саат 17:10дор чамасында Баткендин Максат айылындагы футбол талаада соода кылып жаткан кыргыз жарандарына тажик чек арачылары келип, такталбаган аймактан чыгып кетүүнү талап кылышкан.

“Оюбузда эч нерсе жок эле жакшына олтуруп соода кылып жатканбыз. Капыстан келген тажикстандыктар челектерибизди ыргыта тээп, өзүбүздү уруп- сого баштады, балдарыбыз менен катуу коркуп калдык. Айыл башчыны чакырдык, бирок аны да жакалап, муунтуп, өтө жаман мамиле жасашты”,- дейт Максат айылынын тургуну Алмакан Эгембердиева.

Ал арада эскертүү катары асманга ок атылып, кыргыз чек арачылар маселени курал колдонбой чечүүгө аракет жасашкан. Бирок тажик аскерлери чек ара тартибин сакташпагандыктан, кыргыз чек арачылары аларды кармоого аргасыз болушкан.

“Негизи ал аймакта курал колдонууга мүмкүн эмес. Бирок Тажикстандын чек арачылары мыйзамсыз кирип келип, ал гана эмес курал да колдонушту. Андыктан, биз да өзүбүздүн чек ара кызматкерерди чакырууга туура келди”,- деп билдирди аталган айылдын башчысы Сапарали Адинаев.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосундагы жаңжал Кыргыз чек ара күзөтү барган учурда токтотулуп, эки тараптын жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн ортосунда сүйлөшүү жүрүп, кармалган 4 тажик аскери Тажикстанга өткөрүп берилген.

“Пикир келишпестиктин аягы тынч сүйлөшүү менен бүттү, кырдаал жөнгө салынды. Азыр баары тынч”, -деди Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратов.

Максат айылындагы чыр чыккан футбол аянты такталбаган жер ьолондуктан, курулуш курууга мүмкүн эмес. Бирок буга чейин ал жерди базар кылуу боюнча эки тараптуу сүйлөшүү болуп, макулдук берилген.

Учурда бул маселе тууралуу эки өлкөнүн ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Максат айылы Тажикстандын Гафуров районунун Очи калача айылы менен чектешип, чек ара сызыгы такталган эмес. Айылда 60тан ашуун кожолук бар.

Сүрөт: turmush

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген