Чек арадагы чыр-чатактан жабыркаган субъектилер салык карызынан бошотулат

Өкмөт кыргыз-тажик чек арасындагы окуяларда жабыр тарткан субъектилердин салык карыздарын кечүүгө ниеттенүүдө. Тийиштүү токтом долбоору коомдук талкууга коюлуп, өкмөттүн сайтында жарыяланды.

2021-жылдын 1-июнуна карата Баткен облусунун чек ара айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиясы тарабынан бекитилген жабырлануучулардын тизмесине кирген субъектилер гана салык карыздарын төлөөдөн бошотулат.

Эскерте кетсек, кыргыз-тажик чек ара жаңжалында 190 кыргызстандык жапа чегип, 36 адам каза болгон, анын ичинде 2 бала. Окуя болгон жерден 40 миңден ашуун адам эвакуацияланган.

автор: DZh

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.