Чек арадагы айылдын жолу оңдолуп, жарыктандырылды Видео

Өзбекстан менен чек арадагы Баткен районунун Таян айылында бир чакырым ички жол асфальталып, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Кыштут айыл өкмөтүнүн башчысы  Аширали Эркебаев билдирди.

Айтымында ага мамлекеттик бюджеттен 3 миллион сом каралган.

“ Ушул жыл ичинде Таян айылынын борбордук көчөсүн асфальттоо иши башталган.  Ага 3 млн сом каражаты бөлүнүп, жыл аяктабай жумуш аткарылып, бир чакырым жол пайдаланууга берилди. Аны менен катар 1 млн 800 миң сомго 1,5 чакырым жол жарыктандырылды. Ага жергиликтүү бюджеттен акча бөлүнгөн. Анан ушуну менен эле маселе чечилди деп айта албайбыз. Ички жолдорду да алдыда оңдойбуз”,- дейт А. Эркебаев

Чек ара статусуна ээ болгон Таян айылында учурда миңден ашуун калк жашайт. Ал Өзбекстандын Сох анклавы менен чектешет.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген