Чек арадагы абалды жөнгө салуу үчүн тажик тарап менен сүйлөшүүлөр уланууда

Учурда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде кырдаалды жөнгө салуу боюнча тажик тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү уланууда.

Окуя болгон жерге Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков жана Тажикстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары Иброхим Азим келишкен.

Мурдараак Жеңиш Разаков жергиликтүү калк, анын ичинде аксакалдар жана жаштар өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүп, анда чек арада кырдаалды мындан аркы эскалация кылууга жол бербөө зарылдыгын белгиледи.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген