Чек арада 50 күн

Кыргыз-казак чек арасында тоскоолдуктар пайда болгонуна бүгүн, 30-ноябрда 50 күн болду. Учурда “Ак-Тилек” чек ара бекетинде 500дөй жүк ташыган унаа Казакстанга кире албай, кезек күтүп турат.

Көпчүлүк айдоочулар бир жумадан бери туруп, бир топ чыгым тартып жатканын айтышууда. Азырынча чек арадагы абал качан чечилери белгисиз.

Казакстан 10-октябрдан баштап Кыргызстан менен чек арасында текшерүүнү күчөткөн. Ошондон бери чек арадан Казакстан тарапка өтүү кыйын болуп жатат. Адегенде казак бийлиги муну Кыргызстандагы президенттик шайлоого байланыштырган. Кийинчерээк расмий Астана Кыргызстан ЕАЭБдин талаптарын бузуп жатканын айтып, мындан өз бюджети зыян тартканын билдирип чыкты.

Андан мурдараак экс-президент Алмазбек Атамбаев казак мамлекет башчысы Нурсултан Назарбаевди “Кыргызстандын ички иштерине кийлигишип жатат” деп сынга алган.

Кыргыз-казак чек арасында түзүлгөн соңку кырдаалга байланышкан маселе 17-ноябрда Бириккен Улуттар Уюмунда да көтөрүлгөн.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.