Чек арачылар күнүмдүк кызмат режимине өтүштү


Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик бөлүгүндө жайгашкан УКМКнын СС бөлүмдөрү күнүмдүк кызмат режимине өтүштү. Бул тууралуу аталган кызматтын коомчулук менен байланыш бөлүмүнөн билдиришти.

“2021-жылдын 6-июнунда саат 21: 30га карата Чоң-Алай районунун Унжу-Булак аймагындагы абал туруктуу деп мүнөздөлөт”, -деп айтылат билдирүүдө.

Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын ортосундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында, туруктуу жайгаштыруу жайларына тараптардын кошумча күчтөрүн жана мүлктөрүн чыгарып кетүү аяктады.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.