Чек ара жаңжалында жабыркагандарга материалдык жардам көрсөтүлдү

Тажикстан менен чек ара жаңжалында жабыр тарткан 122 адамга акчалай жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова маалымат жыйынында билдирди.

Айтымында, бул максаттарга бюджеттен 34 миллион сомдон ашык каражат бөлүнгөн.

Ошондой эле, жабыркагандарга ай сайын берилүүчү кошумча жөлөк пул боюнча мыйзам долбоору иштелип чыкты. Жөлөк пулдун суммасы 3700 сом болушу мүмкүн.

Планга ылайык, аны 18 жашка чейинки балдар, ата -энелери жаңжал учурунда каза болгон, жалгыз баласы каза болгон карылар жана ар кандай жаракаттарды алган жарандар алышат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.